5-декабрда парламенттин тийиштүү комитетинде чек ара аймактарында чет өлкөлүк жарандарга, юридикалык жактарга кыймылсыз мүлк объекттерин берүүгө жана сатууга тыюу сала турган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.
Мыйзам долбооруна ылайык, өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарында чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын менчигине кыймылсыз мүлк объекттерин өткөрүп берүүгө байланышкан жарандык-укуктук бүтүмдөр жараксыз деп эсептелет. Ал эми мындай бүтүмдүн негизинде өткөрүп берилген мүлккө укукту каттоо жокко чыгарылууга тийиш. Буга жол берген кызматкерлерди же тийиштүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жагы каралган. Эгер мурда чет элдик жаранга же чет өлкөлүк юридикалык компанияга берилип кеткен кыймылсыз мүлктөр болгон болсо, бул мыйзам долбооруна ылайык, бардык келишимдер бир жылдын ичинде жокко чыгарылат.
Демилгечи тарап аталган мыйзам долбоору коопсуздук чаралары үчүн кабыл алынып жатканын айтты.