"Мегакомдун" баасы кайра өзгөртүлүшү мүмкүн

"Мегакомдун" баасынын мөөнөтү кийинки жылдын башында аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, буга байланыштуу фонд компанияны кайра баалоо боюнча көз карандысыз баа берүүчү компаниялар менен келишим түзүү мүмкүндүгүн карап жатат. "Мегакомдун" баасы канчалык өзгөрүлө турганы кайра баалоонун жыйынтыгында белгилүү болот.

Айта кетсек, "Мегакомдун" менчикке сатылары 2015-жылы чечилген. Эки жылдан бери компанияга инвестор табылбай, аукцион аркылуу сатуу үч аракетте да ишке ашкан жок. Аукциондон аукционго жылган сайын "Мегакомдун" баасы арзандаган. Алгач баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Үчүнчү жолкусунда 13 миллиард 500 миллион сом деп коюлган. Аукцион аркылуу сатуудан майнап чыкпагандыктан өкмөт "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын түз сатуу чечимин кабыл алган.

Мамлекеттик мүлк башкаруу фонду дээрлик 2 ай мурун "Мегаком” компаниясын сатып алам деген орусиялык ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдү токтоткон. Мекемеден түшүндүрүшкөндөй, тараптар эки жакты тең канааттандырган шарттарга жете алышкан жок.

20-ноябрда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаев "Мегаком" компаниясынын баасын дагы түшүрүш керек" деген пикирин айткан. Анын ою боюнча, "Мегакомдун" баасын дагы 20-30 пайызга түшүрүүгө болот. "Ким көп берсе, ошого сатыш керек. Акчаны "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга жумшаш керек" деген Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tular
2017-12-05 17:49:00
Сонун компанияны сатып туруп, "Коопсуз шаар" программасына жумшап акчасы кайда кеткени белгисиз болот. Отмывания денег деп коет.
+1
tular
2017-12-05 17:50:49
Тоок жумуртка тууп, жумурткасын жеп жан багып жатсак, ошол тоокту союп эле жегендей болуп жатабызда.
+2
tular
2017-12-05 17:56:50
Мегакомдо 2млн абонент бар, ар бир абонент орто эсеп менен кунуно 20 сомдон короткондо эле бюджетке канчалаган акча тушуп жатат...
0
keba300989
2017-12-05 18:14:48
компаниянын башка чыгашаларынан сырткары кунунө 10 млндон тушуп тургандада бюджетке 4 жылда 13милиар 500милион акча түшөт экен сатабыз деген баасы чыгып калат, барыбир 1 жылда ошончо акчаны жумшай албаса керек Сапар исаков ушул компания боюнча туура эмес иш кылып атат, сатыла турган болсо анда биз ишенген премерда жегени келген деп ойлоп калам менин жеке ойум.
+1
tular
2017-12-05 22:20:53
Жетекчилерге "Эмнеге саткан жатасынар?" деп суроо салса?
"Жеке менчикке отсо компания оркундоп осот, мамлекеттин карамагында болсо талкаланат" деп ачык эле айтып жатышат. Кайра ошолорго айта турган киши жок "Ошол мамлекеттик ишкананы оркундоп осушуно ал-ахыбалын жетпесе эмнеге отурасын деген.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан