АКШда 16-президенттин мемориалына өз атын жазып койгон Кыргыз жаранынын иши сотто каралууда

Вашингтон шаарында АКШнын 16-президенти Авраам Линкольндун мемориалына "Нуртилек" деп өз атын жазып койгон Кыргыз жаранынын иши соттун кароосунда турат. Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукееванын билдиришинче, сот отуруму кайсы күнгө белгиленгени азырынча белгисиз.

"21 жаштагы Кыргыз жараны Нуртилек Бакиров сотко келип турууга милдеттендирилип, үйүнө коё берилген. Шаардык сот келтирилген чыгымды 2 миң доллар деп баалаган. Вашингтон шаарындагы биздин консулдук кызмат Нуртилек менен ар дайым байланышта болууда", - деди Кулукеева.

Нуртилек Авраам Линкольндун мемориалына өз атын жазганы үчүн 18-сентябрда кармалып, эртеси соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Айта кетсек, Авраам Линкольн 1809-жылы 12-февралда АКШнын Кентукки штатынын Гардинг округунда жашаган Томас жана Ненси Хэнкс Линкольндордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал 1861-жылы АКШнын 16-президенти болуп шайланып, ал АКШнын Конституциясына көптөгөн кошумчаларды киргизип, кулчулукту түп-тамыры менен жойгон.

Линкольн Американын тарыхында "улутту сактап калган президент" аталып, америкалыктардын пикирине караганда ал эң интеллектуалдуу президент жана азыркы күнгө чейин өрнөк боло турган адам деп саналып келет.
Ал эми Авраам Линкольнго арналган мемориалдын курулушу 1914-жылы башталып, 1922-жылдын 30-майында ачылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
RUSLAN.KG
2017-12-05 15:59:48
Эх, Нуртилек, ты смог уехать из колхоза, но колхоз так и не смог уехать из тебя...
+16
admin_superstan
2017-12-05 16:03:06
RUSLAN.KG, кыргыз тилинде жазууну сунуштайбыз.
+7
APCEH
2017-12-05 16:38:12
RUSLAN.KG,Сен жапай өлкөдөн кеттиң, бирок жапайчылык сенден кеткен жок.!
+11
ekaterinburg
2017-12-05 16:07:25
Каап эми...Жон эле журбойсунбу дейм да,колун кычышпай.
+7
Rasul94
2017-12-05 16:13:38
суперлер.чемпиондор лигасын кабарга кошуп койгулачы.анча мынча жанылыктан коро оюн королу
+4
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-05 16:17:02
Бизде баарыбир да конуп калган ар жерге жаза берип
+7
AzKumFerDan
2017-12-05 16:18:06
Жон эле журчу
+4
aibek83
2017-12-05 16:40:35
Кой кайтарганча ташка жазып көнгөн да. Кимдин эстелиги, кайсы жер баары бир да.
+4
dinar-87
2017-12-05 16:55:02
Куудулдар айткандай Россиядан гастролдон келе жатышып эчким жашабаган ээн жерде туалетке кирсе ошерге да Кыргыздар атын жазып коюптур дешеткоо.
+7
altyw95jan
2017-12-05 17:12:16
Жапайы олко деп ким айтты.жапайычылык кандай экенин билесинби деги.мемориалга жазган жапайычылык эмес.Жапайы олко болбойт.адамдар болот.
+1
Kuyoo_bala
2017-12-05 22:11:20
Ырас болуптур,жазасын алсын кылган иши учун.Экинчи жазбай калат,сабак болот,ошентип акырындан анан адам болот.
+1
dina
2017-12-05 22:43:13
Атын чыкпаса Америкага барып атынды жаз)))
+5
magira
2017-12-06 03:39:57
dina,жаны макал))
+1
sabyr86
2017-12-06 12:12:12
Кыргызстанда эстеликтерге атын жазып кеткен акмактардын бири да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан