ЖЫЛНААМА, 5-ДЕКАБРЬ: Жогорку Кеңештин экс-депутаты Марат Султанов 57 жашка чыкты

Мындан 57 жыл мурун, 1960-жылы 5-декабрда Фрунзе шаарында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Марат Султанов туулган. Бала чагы жана башталгыч мектептин доору Алай районунун Сопу-Коргон айылында өткөн. Билимге басым жасашкан жакындары биринчи Ош шаарына алып келишип, эки жылдан соң Бишкек шаарындагы №5-гимназияга которушат. Мектепти аяктагандан кийин Москвадагы Болот жана аралашмалар институтуна тапшырып, жакшы окугандыгы үчүн аны 5-курстан кийин аспирантурага алып калышкан.

1983-жылы Москва шаарындагы Болот жана аралашмалар институтун аяктаган.

1994-1998-жылдары Улуттук банктын төрагасы,

1998-2000-жылдары каржы министри,

2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты,

2006-2007-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы,

2009-2010-жылдары каржы министри,

2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты,

2015-жылы парламенттик шайлоого "Бир Бол" партиясынын мүчөсү болуп катышкан.

Учурда "Бир Бол" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү.

3 кыз, 1 уулдун атасы.

5-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан