SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Биз эмне менен сыймыктансак болот?" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Силер Кыргыз мамлекетинин, кыргыздардын эмнеси менен сыймыктанасыңар? Мекенибиз жөнүндө кеп башталганда эмнелерди айтканга шашыласыңар? Мен сегизинчи кылымда уйгурларды жеңип, Орто Азияда эң күчтүү эл болуп турганыбызга сыймыктанам. Дүйнөнүн эң улуу эпосу - "Манас" бизге таандык болгонуна сыймыктанам", - деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Меймандостугубуз менен сыймыктанам. Аны чет өлкөлүк достор сөз кылып таң калышат. Бирок ошол сапатыбызды кээде башка багыттарда пайдаланып кеткен шумпайларды көрүп "меймандостукту да чегинде көрсөтүш керек" деген ойго келип кетет экенсиң".
"Кыргыз болуп төрөлгөнүмө сыймыктанам".
"Бейиштей болгон жерибиз менен, дүйнө элин суктандырган маданиятыбыз менен сыймыктансак болот".
"Манас" эпосу, Чыңгыз Айтматов, Ысык-Көл, табиятыбыз, кылымдардын кербенин улап келе жаткан маданиятыбыз жана башка толгон токой нерселерибиз бар. Кеп сыймыктанууда эмес, баалай билүүдө жана ошол баалуулукту сактай билүүдө".
"Мен кыргызмын деп сыймыктанам, бирок кыргыз ким экенин көптөр билбейт".
"Кыргыз тилинин ушул күнгө чейин жашаганы үчүн сыймыктанам".
"Бизге ушундай кооз жерди, эркин өлкөнү жана башка нерселерди тартуулаган ата-бабаларыбыз менен сыймыктанышыбыз керек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.