Баш калаанын бат иштебеген "Тез жардам" кызматындагы көйгөйлөр: 3 айда 27 дарыгер жумуштан кетти

Бишкек шаардык медициналык "Тез жардам" кызматында дарыгерлердин жетишсиздиги мурдагыдан да күч алууда. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 5-декабрда SUPER.KG порталына Бишкектеги медициналык "Тез жардам" станциясынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметов билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган кызмат 70 дарыгерге жана 47 фельдшерге муктаж.

"Жумушу оор жана айлык акысы аз болгондуктан дарыгерлер бул кызматта турбайт. Сентябрь-ноябрь айларынын ортосунда 27 дарыгер жумуштан кетип калды. Учурда дарыгерлердин орточо айлыгы 9270 сомду түзөт. Анын 5270 сому айлык өлчөмү болсо, 4000 сом мэриянын кошумча төлөмү. Ал эми фельдшерлердин айлыгы 7224 сомду түзүүдө", - дейт ал.

Ошондой эле Искендер Шаяхметов бул көйгөйлөрдөн улам "Тез жардам" кызматы чакырууларга кечигип барып жатканын кошумчалады.

"Учурда бизде Бишкек шаарынын тургундарын тейлөө үчүн 22 жаңы машина бар, жакында дагы 5 машина алабыз. Дарыгерлердин жетишсиздиги чоң көйгөйдү жаратып жатат. Суук түшүп, сасык тумоо менен ооругандар көп. Кечээ 1 күндө жалпы 785 чакыруу түштү. Балдар оорулары боюнча 85 чакыруу болсо, анын 70ин кызматкерлер кечигүү менен аткарды. Биз учурда 350-400 чакырууну гана ылдамдык менен кечикпей аткара алабыз", - деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AzKumFerDan
2017-12-05 18:18:06
Айлык аз байкуштарга,анысы аз келгенсип жол тыгыны коп болот айдоочулар бираз маданятуулугун корсотуп жол берсе кана бизде баары тескери жол бербейт.Мынаке Москвада каранызчы тез жардамынды машинесин жолду бошотуп коюшат мин тыгыны болсо дагы.
+4
sirenaaaaa
2017-12-06 14:00:33
AzKumFerDan,бизде жарышып же озуп айдап отуп кетиш керек. Болбосо артта калат. Биз ушундай маданияттуубуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан