Сооронбай Жээнбеков ИИМдин башчысы Улан Исраиловго бир нече тапшырмаларды берди

Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы ички иштер органдарына жүктөлгөн милдеттер негизинен аткарылып жатканын баса белгилеп, жакшы жыйынтыктар көрсөтүлүп жатканын айтты.

Бирок калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолорго ылайык, милиция кызматкерлеринин дарегине даттануулар жана арыздар көп келүүдө. Буга байланыштуу Жээнбеков Исраиловдон коррупция менен күрөшүүнү күчөтүүнү тапшырды.

Мындан тышкары президент жол кырсыктарынын алдын алуу маселесин көтөрдү. Ал Патрулдук милиция башкармалыгынын ордуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгын түзүү жолдордогу көйгөйдү чече турганына үмүттөнөрүн айтты.

Ошондой эле Жээнбеков балдарга карата кылмыштар менен күрөшүү ИИМдин ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттарынын бири болушу керектигин баса белгиледи. "Кылмышкерлерди бир гана кармабастан, кылмыштардын алдын алуу иштерин жүргүзүү керек. Жашы жете электер иши боюнча инспекциянын ишин күчөтүү зарыл", - деди президент.

Өлкө башчы укук коргоо органдарын диний экстремизм жана террорчулук менен күрөшүүдө четте калбоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан