"Тазалык" ишканасы: "Бишкектин жолдоруна чачуу үчүн 11 миң тонна кум жана 877 тонна туз даярдалган"

2017-2018-жылдын кыш мезгилине Бишкек шаардык "Тазалык" муниципалдык ишканасы жолдорго чачууга 11 миң тонна кум жана 877 тонна туз даярдаган. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда SUPER.KG порталына аталган ишкананын басма сөз кызматчысы билдирди.

Анын айтымында, шаардын унаа жүрүүчү көчөлөрүн кардан тазалоо 34 унаа менен жүргүзүлөт.

"40 адам жолдорду эксплуатациялоо бөлүмүндө иштейт. Аялдама жана жолдун четин кардан тазалоо үчүн 578 жумушчу бар. Автосамосвалдарга карды жүктөөгө 113 жумушчу бөлүнгөн", - деди басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-05 22:05:27
Каяктагы кум шагыл чачып жатасынар жолдун сапатын кетирип
+1
FCBMESSI
2017-12-05 22:51:37
ЦСКА бугун МЮнун устуно 11 гол чачса экен
0
Nazaralikarakulja
2017-12-05 22:54:51
Молодец жолду таза караса эн жакшы
0
Alixan-Nookat.2015
2017-12-06 18:58:18
Мен Оштон Баткенди көздөй 2017-жылдын 4- декабрь күнү саат 16:00 до чыгып Баткенге 23:30да жеттим жол тайгак жолдо иштеген жол кызматкерлери жок айдоочулар өздөрү жолдун боюндагы кумдарды чачып иштеп жүрүшөт. Кээ бир жерлерге шагыл чачканбы таштак жолдо кеткендей болосуң эмне майда кум же көмүрдүн майдасы жокпу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан