Бүгүн депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту болот

Бүгүн, 6-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун ишин карайт.
Маалыматка ылайык, соттук отурумда жарыш сөздөр айтылат. "Ата Мекен" фракциясынын катчылыгы билдиргендей, Шыкмаматовго өкүм чыгышы мүмкүн.
Эске салсак, 4-декабрда Шыкмаматовдун иши каралмак. Анын жактоочусу Чынара Жакупбекованын ооруп калганына байланыштуу соттук отурум бүгүнкүгө жылдырылган. Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Учурда ишти райондук сот карап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан