Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан өлкөдө 2 293 жаранга ипотекалык насыя берилди. Бул тууралуу 5-декабрда Мамлекеттик ипотекалык компания төрагасы Бактыбек Шамкеев билдиргенин өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, компания тарабынан ушул жылга 1 миллиард сомдун тегерегинде насыя берүү пландалган.
"Бирок быйылкы жылы насыя берүү абдан жогору болду. Эгерде мурда биз айына 50-60 миллион сом берсек, акыркы айлары ал 200 миллион сомго чейин өскөн. Буга байланыштуу быйылкы жылга кошумча дагы 300 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүү маселеси менен Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылдык", - деди Бактыбек Шамкеев.
Шамкеев белгилегендей, бүгүнкү күндө абал турукташтырылып, каржылоо боюнча маселе чечилди. Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн "Арзан турак жай-2015-2020" программасын ишке ашыруу үчүн ушул жылга кошумча дагы 300 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүү сунушун жактырышты.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө компания 2 миллиард 536 миллион 370 миң сомдун тегерегинде насыя берди.