Мындан 20 жыл мурун, 1997-жылдын 6-декабрь күнү Иркутск шаарында көп кабаттуу үйгө жүк ташуучу аскердик Ан-124 учагы кулап түшкөн. Кырсыктын келип чыгышына Ан-124 учагынын төрт кыймылдаткычынын үчөө иштебей калганы себеп болгон. Кырсыктын кесепетинен учактагы 23 адам, жердеги 49 адам каза тапкан. 1999-жылы ал үйлөрдүн биринин ордуна Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган чиркөө салынган.