Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы депутаты ант берет

Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы депутат Закир Шарапов ант берет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Улан Чолпонбаевдин көз жумганы белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал боордун циррозу менен ооруган. Депутаттын артында эки кызы калды.

Борбордук шайлоо комиссиясы каза болгон депутат Улан Чолпонбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, анын депутаттык мандатын "Республика-Ата Журт" партиясынан кийинки кезекте турган талапкер Закир Шараповго берүү чечими кабыл алынган.

Шарапов Закир Эшматович 1965-жылы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жаңы-Коргон айылында төрөлгөн.

- 1990-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн;

- 1996-жылы "Кыргызайылкөмөк" ААКсында директордун орун басары;

- 1997-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган;

- 2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаты;

- 2007-2008-жылы Монополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан