Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин жаӊы депутаты Закир Шарапов ант берди. Ал "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп бекитилди.
"Жогорку Кеңештин депутаты болуп жатып Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип, мыйзамдарды так аткарууга ант берем", - деди депутат. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков аны депутат болушу менен куттуктап, ишине ийгилик каалады.
Эске салсак, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Улан Чолпонбаевдин көз жумганы белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал боордун циррозу менен ооруган. Депутаттын артында эки кызы калды.
Борбордук шайлоо комиссиясы каза болгон депутат Улан Чолпонбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, анын депутаттык мандатын "Республика-Ата Журт" партиясынан кийинки кезекте турган талапкер Закир Шараповго берүү чечими кабыл алынган.