"Аскарбек Шадиев парламент менен өкмөттүн ортосундагы бекем көпүрө болот" деп бүгүн, 6-декабрда парламент жыйынында премьер-министр Сапар Исаков айтты.
Ал депутаттарга биринчи вице-премьер-министр кызматына Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин колдоп бергендерине ыраазычылык билдирди.
"Ишенимди толук аткарганга аракет кылабыз. Тарыхта алгачкы жолу депутат биринчи вице-премьер-министр болуп, мандатын сактап калууда. Бул жакшы көрсөткүч болуп саналат. Кыргыз өлкөсүндө демократия өнүгүп жатат дегенди түшүндүрөт. Тапшырмалардын бардыгын көзөмөлдөп, аткарууга аракет кылабыз", - деди Исаков.
Шадиев депутаттарга ыраазычылык билдирди. "Болгон тажрыйбамды, билимимди колдонуп, болочоктогу өкмөттөгү кесиптештерим менен биргелешип иштейм. Ошол эле мезгилде сиздер менен дагы байланышты үзбөйм", - дейт Шадиев.
Бүгүн Жогорку Кеңеш Аскарбек Шадиевди биринчи вице-премьер-министр кызматына шайлады.
Эске салсак, 1-декабрдан баштап күчүнө кирген Баш мыйзамдагы өзгөрүүгө ылайык, 72-берене боюнча депутат премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр болуп шайланса, анда ал мандатын тапшырбайт. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында добуш берип, депутаттар менен эле тең болуп талкууга катыша алат. Өкмөттөн кетсе депутаттык орду сакталат.