Бишкекте эл аралык инвестициялык форум өтүп жатат

Бүгүн, 6-декабрда Бишкек шаарындагы "Дасмия" этно-комплексинде "Бишкек инвестициялык форуму" (BIF) өтүп жатат. Ага өкмөттүн өкүлдөрү, өлкөнүн бардык региондорунан келген ишкерлер жана чет өлкөлөрдөн келген коноктор катышууда.

Анын жүрүшүндө 200 бизнес-долбоордун ичинен тандалып алган айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, экспортко багытталган товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүү багытындагы бизнес-долбоорлор тааныштырылып жатат.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Темирбек Ажыкуловдун айтымында, сунушталган долбоорлордун сапаты жылдан жылга өсүп жатат.

"2015-жылы өткөрүлгөн ушул иш-чаранын жыйынтыгы менен ишкерлер жана инвесторлор өз ара 850 миң долларлык келишим түзүшкөн. Ал эми 2016-жылы бул көрсөткүч 2 миллион 800 миң долларга жеткен. Быйыл өткөн жылдагыдан эки эсеге көп суммада келишимдер түзүлөт деп үмүт кылып жатабыз.

3 жыл аралыгында бизге келген бизнес долбоорлор боюнча анализ жүргүзгөнбүз. Анда алардын арасынан айыл чарба өндүрүштөрүн кайра иштетүү, кызмат көрсөтүү, IT технология багыттарындагы долбоорлор басымдуулук кылары белгилүү болгон. Бирок быйыл интернет аркылуу соода жүргүзүү боюнча кызыктуу долбоорлор көп келиптир", - дейт Темирбек Ажыкулов.

BIF - бул чет элдик жана жана ата мекендик ишкерлер, инвесторлор, ошондой эле өкмөт өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү өз ара жолуга ала турган аянтча. Форумда бизнес чөйрөсүндөгү маселелер, өзгөрүүлөр талкууланып, инвестициялык келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүктөр ачылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан