Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Сербияга болгон иш сапарында эки өлкө ортосундагы виза режимин жоюу боюнча келишимге кол койду. Анын негизинде Кыргыз жарандары Сербияда 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 6-декабрда аталган министрликтин басма сөз кызматы таратты.
Маалыматка караганда, тышкы иштер министри Абдылдаев Сербиянын биринчи вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Ивица Дачичтин чакыруусу менен барган. Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маселелер, кызматташуунун перспективалары талкууланды.
Ошондой эле Сербия тарап айыл чарба, кайра иштетүү, азык-түлүк жана товар жеткирүү тармагында кыргыз-серб биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштаган.