Бүгүн, 6-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министр кызматына шайланды. Анын талапкерлигин Жогорку Кеӊештин 98 депутаты колдоого алды. Премьер-министр Сапар Исаков Шадиевдин жаӊы кызматка дайындалышы Жогорку Кеӊеш менен өкмөттүн байланышын жакшыртат деген пикирде. Ошентип Шадиев депутаттык менен вице-премьерлик кызматты айкалыштырып иштөөгө укук алган Кыргыздагы биринчи чиновник болду.
Баш мыйзамдын 1-декабрда күчүнө кирген нормаларына ылайык, мындан ары Жогорку Кеӊештин депутаты премьер-министр же биринчи вице-премьерликке дайындалса депутаттык мандаты сакталат. Бул мүмкүнчүлүк жеке кызыкчылыктарды чечүүгө пайдаланылбайбы деген суроо бар. Мисалы, Жогорку Кеңештеги бир фракциянын лидери өкмөт башчылыгына келсе, демек, керектүү мыйзамды демилгелеп чыгууга колунда өкмөт, аны кароодон өткөрүүгө Жогорку Кеңеште фракциясы да болот. Ушундай эле көрүнүш тескерисинче да ишке ашуусу мүмкүн. Мисалы, депутаттар демилгелеп чыккан мыйзам элге керектүү, бирок өкмөткө керексиз болуп жатса ал мыйзамды Жогорку Кеңештен өткөрбөй коюуга премьер-министрде мүмкүнчүлүк болуп калат.
Шадиев премьердин биринчи орун басары катары өлкөнүн энергетика жана күйүүчү май тармагын көзөмөлдөй турганы айтылды. Анын бул тармакка жооптуу болушу Жогорку Кеӊештеги мунай, көмүр бизнесинде кызыкчылыгы бар депутаттардын пайдасына иштебейби деген суроо жаратат. Азыркы тапта Жогорку Кеӊештеги коалициялык көпчүлүк КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракцияларынан турат. КСДПнын кадры Сапар Исаков премьер-министр, "Кыргызстандын" кадры Дастан Жумабеков спикер. "Бир болдун" депутаты Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьерликке барды.
"Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" мыйзамга ылайык, биринчи вице-премьер менен вице-премьерлердин укуктары теӊ. Булардын милдеттерин премьер-министр бөлүштүрөт. Мисалы, 2017-жылдын 2-ноябрында Сапар Исаков биринчи вице-премьер жана вице-премьерлердин милдеттерин бөлүштүрүү жөнүндө буйрук чыгарып, анда биринчи вице-премьерге каржы-экономикалык блок жана ЕАЭБ иштерин көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн. Ал эми Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьерликке келгенде ага энергетика тармагын тапшырышты. Аскарбек Шадиев 2010-2012-жылдары энергетика министри болуп иштеген. 2011-жылы Кыргызга Казакстандан уулуу көмүр алынып келип, өлкө дүрбөлөӊ түшкөн. Бул ишке Аскарбек Шадиев анын ошол кездеги орун басары Кайрат Жумалиев жана башкалар айыпталып, Шадиев арыз жазып отставкага кеткен. Кийин сотто акталышты. Шадиев электр жарыгынын баасын кымбаттатуу керек деген позициясы үчүн 2012-жылы ошол кездеги премьер Өмүрбек Бабановдон тил уккан. Бабанов: "Бааларды өкмөт чечет. Сиз туура эмес маалымат тараткандан көрө кышка даярдык көрүңүз", - деген эле. Акыркы жылдары өлкөдө электр жарыгына бааны көтөрүү керектиги, ансыз тармакты оӊдоо мүмкүн эместиги өкмөт өкүлдөрү тарабынан айтылып, бирок улам артка жылдырылып жатат. Быйыл эле депутат Бакыт Төрөбаев тарифти 1 сомго көтөрсө болорун айткан. Шадиев өкмөткө келген соң тарифтерди көтөрүү керек деген илгерки идеясын кайра көтөрүп чыкпайбы?
Энергетика жаатындагы азыркы абал 7 жыл мурдагыдан кескин айырмаланып кеткен жок. Болгон жетишкендигибиз жарыкты маал-маалы менен өчүрүү маселеси убактылуу токтоду. "Ширшовдук схемалар" деген аталыш алып, абдан тамырлап кеткен энергетикадагы коррупция Апрель революциясынан кийин деле, канчалык бийик максаттар, жарыялар айтылганына карабай жоюлуп кеткен жок. Уурдоолор, жоготуулар азыр деле жогору көрсөткүчтө. Электр энергиясынын өздүк наркы азыркыга чейин так эсептелип чыкпай, ар кандай айтылып келет. Мисалы, 2010-жылдын апрель айында Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев Токтогул ГЭСинде электр жарыгынын өздүк наркы 8 тыйын экенин айткан. 1 сом 40 тыйын, 21 тыйын деген да маалыматтар айтылып жүрөт. Быйыл февралда Кыргыз жеринде учурда электр энергиясынын өздүк баасы 43 тыйын экенин депутат Мирлан Бакиров билдирген. Бүгүнкү күндө жарандар 700 киловатт-саатка чейин пайдаланган электр энергиясы үчүн 77 тыйындан (ар бир киловатт-саатына), 700 киловатт-сааттан ашкандан кийин 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Ошентип Аскарбек Шадиевге дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берилүүдө. Жаӊыча иштейби же министр кезиндеги "эски жомогун" кайра баштайбы? Жаӊы укуктарга ээ болгон азыркы өкмөттүн, анын ичинде Шадиевдин чамасын алдыдагы кыш сынайт...
Бишкекте атасы тепкилеген баланын абалы жакшы. Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын билдиришинче, бала жана анын апасы менен психологдор иштешип жатышат.
Бул окуяда көӊүл буруучу башка да маселе бар. Өлкөдө оор шарттагы үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү, балдардын жашоо-шартын, аларга карата чоңдордун, коомчулуктун мамилесин жакшыртуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги ишке ашыра турган маанилүү иштер. Министрликтин жылдык иш планында "Үй-бүлөлөрдү жана балдарды турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу иштерин уюштуруу", "Балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зомбулуктун алдын алуу боюнча планды аткаруу үчүн иш-чараларды уюштуруу" деген өӊдүү аталышы эле чоң үмүттөрдү жараткан иштер бар. Балдардын чоңдор тарабынан кордолуусу азайбаганына, кейиштүү окуялар өлкөнүн улам бир аймагынан катталып жатканына караганда министрликтин иш планы кагаздарда эле калууда. Иштер жасалса да жыйынтыгы, таасири жок, отчёттуулук үчүн эле жасалып жаткандай. Балдарга кам көрүү иштери жакшыртылбай жатканы үчүн министрлик жыл башында эскертүү алган. Вице-премьер Чолпон Султанбекова аталган министрликтин жетекчиси Таалайкүл Исакунованы сындап "17 бала камкордукка берилген деп статистика бердиӊер. Бул силер трибунадан айтчу чоӊ жетишкендик эмес" деген. Аталган министрликти да, өкмөттөгү социалдык блокту да "Кыргызстан" фракциясынын өкүлдөрү жетектейт. Бул тармакта элдин турмушунда байкала тургандай жылыштар болбой жатат. Жогорку Кеңештеги аталган фракция акыркы окуяларга жетиштүү көңүл бөлүп, өкмөткө жиберген өкүлдөрүнөн жыйынтык талап кылар...
Жогорку Кеӊештеги Бабановдун командасында "республикачылардын" таасири начарлай баштады. Алсак, бүгүн "Республика-Ата Журттун" депутаты Алтынай Өмүрбекова вице-спикерлик кызматтан кетти. Анын ордуна фракция Курманкул Зулушевди сунуштаары белгилүү болду.
2015-жылкы парламенттик шайлоонун алдында Камчыбек Ташиевдин "Ата Журт" жана Өмүрбек Бабановдун "Республика" партиялары биригип парламентке келген. Ташиев "Өнүгүү" партиясынын өкүлүн сабады деген айыптоонун негизинде шайлоого аз күн калганда тизмеден ыргып, Жогорку Кеӊешке өтпөй калган. "Республика-Ата Журт" фракциясын Өмүрбек Бабанов жетектеп, мандат алууга келгенде Алиярбек Абжалиев, Курманкул Зулушев өӊдүү "ташиевчилерди" тизмеден чыгарып салуу аракети жүрдү. Бирок алар соттон утуп чыгып, мандат алышкан.
Президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабановго кылмыш иши козголуп, ал чет өлкөгө чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Жакында фракция лидерлигинен кетсе, бүгүн анын ишенимдүү кадры вице-спикерликтен кетти. Бабановдун командасы жакында эле Бишкек шаардык кеңешинде төрагалык орундан да айрылган.
Вице-спикерликке "Ата Мекен" дагы талапкер сунуштай турганы белгилүү болду. Ал - жакында экс-президент Алмазбек Атамбаевди тарыхта калар көп иш жасады деп Кыргыз Республикасынын Баатыры наамына сунуштаган Сайдулла Нышанов. Депутаттын мындай демилгесин парламентте бирөөлөр олуттуу сунуш катары кабылдаса, бирөөлөр жылмайып тим болушкан. Бирок ал сунуш бат эле президент Жээнбеков тарабынан жарлыкка айланып, Атамбаевге өлкөдөгү эң жогорку деп саналган сыйлык ыйгарылды. Мындай демилгени Жогорку Кеңеште КСДП же "Кыргызстан" эмес, бийлик менен "согушуп" жүргөн "Ата Мекендин" өкүлү көтөрүп чыгышы катардагы көрүнүш эмес эле. Андыктан Нышановго бул "эрдиги" үчүн вице-спикерлик кресло тартууланып калышы толук мүмкүн. Бул депутатты фракциядан чыгаруу маселеси карала тургандыгы сөз болуп жаткан. Бирок “Ата Мекен” Бакыт Төрөбаев сындуу акыркы окуялардан жыйынтык чыгарып, бийлик менен тил табышып жаткан өкүлүн “керектүү күндөргө” сактай турууну чечкен көрүнөт...