КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева Саламаттыкты сактоо министрлигин кургак учуктун алдын алууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-декабрда парламент жыйынында билдирди.
“Статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, кургак учук оорусу менен аялдарга караганда эркектер көп ооруйт экен. Жыл сайын 18-24 жаштагы эркектердин арасында бул ооруга кабылгандардын саны өсүүдө. Жаштарга аталган оорунун алдын алуу боюнча атайын иш-чараларды өткөрүү керек”, - деди Алтыбаева.
Учурда жыйында “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатат.