Кыргыз өлкөсү Тоо гиддер ассоциациясынын эл аралык федерациясына мүчө болду

Кыргыз өлкөсү Тоо гиддер ассоциациясынын эл аралык федерациясына мүчө болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 6-декабрда Кыргыз өлкөсүнүн Тоо гиддер ассоциациясынын президенти Владимир Комиссаров билдирди.

Анын айтымында, Кыргыздын Тоо гиддер ассоциациясы аталган федерацияга кирүү үчүн 9 жыл аракет кылган.

"Биздин ассоциация 10 жылдан бери иштеп келе жатат. Биз эл аралык федерацияга кирүү үчүн 9 жыл аракет жасаганбыз. Аталган федерацияга кирүү үчүн бир топ шарттарды аткарыш керек болчу. Анын негизгилери бул туристтерге коопсуздук жана башка шарттарды түзүп берүү жана биздин ассоциация 20дан ашуун өзүнүн гиддерин үйрөтүш керек болчу. Быйыл биз акыркы шартты аткарып эл аралык федерацияга кире алдык.

Кирүү чечими 1-декабрда Непалда өткөн Тоо гиддер ассоциацияларынын эл аралык федерациясынын башкы ассамблеясында кабыл алынды. Биздин ассоциация эл аралык федерациясына 24-өлкө болуп кирди. Бул федерацияда Азия аймагынан 3 өлкө, алар Непал, Япония жана Кыргыз өлкөсү. Океания аймагынан - Жаңы Зеландия, Түндүк жана Түштүк Америкадан - 6 өлкө, калгандары Европа аймагынын ассоциациялары.

Эл аралык федерацияга кирүү менен Кыргыз өлкөсүндөгү тоо гиддердин тейлөө деңгээли жогорулаганын билдирет. Андан тышкары биздин гиддер ушул 24 өлкөдө тоо гид болуп иштей алат. Федерациянын мүчөсү болуу менен, Кыргыз өлкөсүндө тоо туризмин өнүктүрүүгө жаңы түрткү болот", - дейт ассоциациянын президенти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2017-12-06 13:47:47
Жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан