Улуттук банк "Каркыра" жана "Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери" аталышындагы коллекциялык монеталарды сатыкка чыгарат

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2017-жылдын 7-декабрынан тартып "Кыргыз каганатынын доору" сериясындагы "Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери" коллекциялык күмүш жана жез-никель монетасын жана "Кыргызстандын Кызыл китеби" сериясындагы "Каркыра" коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.

Монеталардын мүнөздөмөлөрү:

"Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери"

Номиналы: 10 сом;

Металлы: Күмүш 925°;

Диаметри/ өлчөмү (мм): 38,61;

Салмагы (г): 28,28

Сапаты: "Proof-like";

Нускасы: 1000;

Сатуу баасы: 3000 сом.

"Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери"

Номиналы: 1 сом;

Металлы: Жез-никель;

Диаметри/ өлчөмү (мм): 30,00;

Салмагы (г): 12,00;

Сапаты: "Uncirculated";

Нускасы: 5 000;

Сатуу баасы: 200 сом.

"Каркыра"

Номиналы: 10 сом;

Металлы: Күмүш 925°;

Диаметри/ өлчөмү (мм): 38,61*28,81;

Салмагы (г): 28,28;

Сапаты: "Proof";

Нускасы: 1 000;

Сатуу баасы: 3 150 сом.

Коллекциялык монеталарды Улуттук банктын кассасынан нак акчага жана нак эмес эсептешүү жолу менен сатып алууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
futboler
2017-12-06 15:01:12
Каркыра деп теңге чыгарат бекен?
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-06 16:12:57
Каркыраны сатып жиберишпеди беле кемчонтойлор
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан