Буга чейин Бишкек шаарындагы тургундар арасында жылуулук энергиясы үчүн эсептелген төлөм боюнча бир катар нааразычылыктар пайда болгон. Мындан улам бүгүн, 6-декабрда Бишкек шаардык мэриясы жылуулук энергиясы үчүн төлөм кантип эсептеле турганын түшүндүрдү.
Мэриянын тараткан маалыматына караганда, жылуулук үчүн төлөм Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан иштелип чыккан методика менен эсептелет.
"Турак жайдын жылуулук энергиясына болгон керектөөсү долбоордук документтердин негизинде аныкталат. Эгер алар жок болсо анда ирилештирилген эсептик формула боюнча, тактап айтканда, имараттын тышкы көлөмү, дубалдын конструкциясынын материалы, имараттын салыштырма жылуулук мүнөздөмөсү боюнча эсептелет.
Келишимге ылайык, жылуулук энергиясын калкка жеткирүүчү бөлмөнүн ичиндеги аба температурасын +18ден жогору камсыздап бериш керек. Эгер бөлмө ичиндеги температура бир суткадан ашык +18ден төмөн болсо, керектөөчү жылуулук менен камсыздоочуга кайрыла алат. Анын негизинде жылуулук энергиясы үчүн кайра эсептешүү жүрөт", - деп айтылат маалыматта.
"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын телефон номери:
- 61-11-69 - керектөөчүлөрдү колдоо борбору;
- 36-57-19, 30-07-67 - Борбордук райондун нөөмөттөгү инженерлери;
- 51-06-22, 21-74-06 - Түштүк райондун нөөмөттөгү инженерлери;
- 56-85-58 - диспетчердик кызматы.
"Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасы:
- 49-00-86, 49-02-65 - диспетчердик кызматы;
- 21-28-47 - абоненттик бөлүм.
Ошондой эле шаар тургундары кайрылууларын WhatsApp аркылуу да жөнөтсө болот:
Аскат Карынбаев (Ленин району) - 0709- 72-17-15;
Таалайбек Акматбаев (Октябрь району) - 0554 95-55-09;
Руслан Шарапов (Биринчи Май району) - 0558 33-66-40.