Жогорку Кеңеш тийиштүү комитеттин чечими жок болгондуктан вице-спикерди тандоо маселесин караган жок

Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети вице-спикерликке талапкерди тандоо боюнча маселени карай элек. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда SUPER.KG порталына "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Шыкмаматовдун айтымында, аталган маселе комитеттин кийинки жыйынында каралат.

Депутаттар Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикерди тандоо маселесин күн тартибине киргизүүнү сунушташты. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова бул маселе Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети чечим кабыл алгандан кийин парламент жыйынында карала турганын айтты.

Айта кетсек, бүгүн Алтынай Өмүрбекова вице-спикерликтен өз каалоосу менен кетти. Бул кызматка "Республика-Ата Журт" фракциясы Курманкул Зулушевдин, "Ата Мекен" фракциясы Сайдулла Нышановдун талапкерлигин көрсөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан