Бүгүн Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндөгү №18-үйдүн 40 батирин бошотуу үчүн сот аткаруучулар жашоочуларга чара колдонду. SUPER.KG порталы окуя болуп жаткан жерге барып, үйлөрүнөн чыгарылып жаткан жашоочулар менен жолукту.
Белгилүү болгондой, бул имарат учурунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына тийиштүү №36-жатак абагы болгон. Кийинчерээк аталган 4 кабаттуу имарат ИИМге өткөрүлгөн. Андан соң ал Бишкек шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын карамагына өткөн. Убакыттын өтүшү менен ЖАМКнын кызматкерлери абакты оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жашоого ылайыкташтырып алышкан. Мэрияга караштуу бул имараттын 40 батиринде шаар тургундары жашап келишкен.
Бишкек шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын Ленин райондук бөлүмү буга чейин Бишкек шаардык сотуна имаратты бошотуу арызы менен кайрылган. 2017-жылдын 26-сентябрында шаардык сот 20 батирди бошотуу туурасында чечим чыгарган. Мындан соң Ленин райондук сот аткаруучулары жашоочуларга батирлерди бошотуу тууралуу эскертүү берген. Жашоочулар жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылып, калган 20 батирде жашап турууга чечим чыгарууну өтүнүшкөн. Бирок Жогорку Соттон жооп келе элек.
Өкмөттөн жардам сураган Гүлсара Тасынбекова: "Суукта жалгыз кызым менен кайда барам? Башымда залалдуу шишик бар. Менин барар жерим жок, батирге төлөгөнгө эмес, дарылануума эле айына 30 миң сом коротом. Буга чейин эптеп күн көрүп ушул жерде жашап келгем", - дейт.
Эки баланын энеси Айнура: "Биз Жогорку Сотко кыш бүткөнчө баш калкалап туруу өтүнүчү менен кайрылганбыз. Бирок Жогорку Соттун чечимин күтпөй эле бизди мажбурлоо жолу менен чыгарып жатышат. Бизде кетип кала турган даяр үйүбүз жок", - дейт ал.
Бишкек шаардык мүлк башкармалыгынын башчысынын орун басары Руслан Өмүрбеков: "Бул имаратта 10 жылдан бери мыйзамсыз жашап келген жашоочулар бар. Алардын үстүнөн биз Ленин райондук сотуна кайрылып, биринчи инстанциясында жеңип алганбыз. Кийин жашоочулар доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. Анда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, 20 батирди бошотуу тууралуу чечим чыгарган. Бүгүн биз Ленин райондук сот аткаруучулары менен үйлөрдү бошотуудабыз. Буга чейин эскертүүлөрдү бергенбиз соттун чечими сентябрда эле чыккан, көчүү үчүн 6-декабрга чейин мүмкүнчүлүк берилген", - дейт ал.