Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңеште айыл чарба кооперативдерине бирдей шарт түзүүгө багытталган мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды.
Мыйзам долбоорунда жазылгандай, бүгүнкү күндө жер тилкелери үлүштөргө берилип, бөлүнүп кетиши агрардык сектордун өнүгүүсүн жайлатууга алып келди. "Бул маселени чечүүдө айыл жергесинде экономикалык жактан пайдасын түшүндүрүү жолу менен ыктыярдуу негизде кооперацияга өтүү керек. Кооперацияларга биригүүнүн негизги максаты материалдык жана каражат ресурстарын рационалдуу колдонууга, өндүрүштүк жана башка чыгымдарды азайтат. Сунуш кылынган мыйзам долбоору айыл чарба кооперативдерине бирдей шарттар түзүлөт. Долбоор аркылуу айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууга берүүдө ошол айыл аймактын аймагында катталган жана иштеген айыл чарба кооперативдери артыкчылык укугуна ээ болору көрсөтүлгөн", - деп жазылат.