Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Виталий Милонов БРИКС өлкөлөрүнүн жана Беларусь, Казакстан, Кыргыз өлкөсүнүн улуттук олимпиада комитеттерин Орусияга тилектештик үчүн Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтчү кышкы Олимп оюндарына катышуудан баш тартууну сунуштады.
"Учурда Орусияны эл аралык олимпиада комитетинен четтетүү аракети жүрүп жатканына баарыбыз күбө болуудабыз. Анын артында саясий мүнөз турары да белгилүү. Биздин өлкөгө эл аралык кызматташтыктын ар тармагында кысым болуп жатат. Бүгүн Орусия болсо, эртең сиздин өлкөңүз болбойт деп ким кепилдик бере алат?" - деп айтылат Милоновдун маалыматында.
Сентябрда 17 өлкөнүн улуттук антидопинг уюмдары Сочи Олимпиадасындагы бурмалоолорду жана таза атаандаштык милдеттенмелерин аткарбай жатканын эске алуу менен, Орусияны 2018-жылкы кышкы оюндардан четтетүүнү талап кылышкан.
5-декабрда эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын курама командасына Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтчү кышкы Олимп оюндарына катышууга тыюу салган. Буга Орусиянын бийлиги колдоого алган допинг программасы себеп болгону айтылды. Анткен менен комитет кызытма чыкпаган "таза" спортчуларга Олимпиадада Орусиянын эмес, нейтралдуу желек менен чыгууга уруксат берген.