Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысына анын негизги милдеттерин атады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Алмазбек Курманалиев Коопсуздук кеңешинин ишмердигинин негизги багыттары жана учурдагы маселелери, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин 2018-жылга карата иш планы, коопсуздук жаатында артыкчылыктуу багыттар жөнүндө маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы аракеттенүү системин кайра куруу жана коррупцияга каршы жаңы механизмдерди киргизүү негизги милдет экенин белгиледи. Буга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчысына алдыда өтө турган коррупцияга каршы күрөш маселеси боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынына байланыштуу бардык даярдык иш-чараларын кылдат иштеп чыгып, кыска аралыкта бүтүрүү тапшырмасы берилди.

“Албетте, жакын арада эң маанилүү маселе – бул укук коргоо органдары жана сот системиндеги коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырын кыркуу. Укук коргоо жана күч органдарынын кызматкерлери коррупциялык ишмердикке аралашуусуна жол бербеш керек. Бул мамлекеттик бийликтин коомчулук алдындагы кадыр-баркына, мыйзамдын үстөмдүгү принциптерине доо кетирип, өлкөдөгү демократиялык өзгөрүштөрдү артка тартып турат. Укук коргоо органдарынын системин коррупциясыз кыла турган механизмдерди иштеп чыгып, ишке киргизиш керек”, - деп белгиледи өлкө башчы.

Мындан тышкары Жээнбеков мамлекеттин коопсуздук саясатын жакшыртууну, улуттук коопсуздуктун тышкы жана ички коркунучтарын жокко чыгаруу максатында бардык мамлекеттик институттардын бирдиктүү аракеттенүүсүн камсыздоону улантуу керектигин белгиледи.

Буга байланыштуу президент өлкөнүн коопсуздугун камсыздаган мамлекеттик органдардын ишмердигинин натыйжалуулугун баалап турууну “Коргоо кеңеши жөнүндө” мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүү керектигине көңүл бурду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан