Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолунун курулушуна тиешелүү каражат которулган. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.
"Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолун куруу үчүн өткөрүлгөн тендерди кытайлык "Лонг Хай" фирмасы утуп алган. Азыркы тапта курулуш иштерин ушул фирма жүргүзүп жатат. Биздин министрликке ай сайын фирма тарабынан бүтүрүлгөн ар бир чакырым тууралуу сертификат жиберилет. Атайын эксперттер ошол сертификаттын негизинде текшерүү иштерин жүргүзүп, анан жолдун бүткөн чакырымын өткөрүп алышат. Мындан соң тиешелүү каражат фирманын эсебине которулат", - деп билдиришти министрликтен.
Ошондой эле министрликтен акыркы жолу фирманын эсебине октябрь айында каражат которулганын жана иштеп жаткан жумушчуларга айлык акы фирма тарабынан бериле тургандыгын кошумчалады. Тактап айтканда, жол куруучулардын айлык акысын жалдаган фирма өзү эсептеп, бөлүп берет.
Айта кетсек, буга чейин окурман SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолунун куруучуларына айлык акылары 4 айдан бери берилбей жатат деп билдирген.