Баткенде бир үй-бүлөдөн ич келте оорусу аныкталды, илдеттин алдын алуу иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн айыл башчыга айып салынды

Баткен облусунун Самаркандек айылында бир үй-бүлөдөн 3 адам ич келте оорусун жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта ич келте илдети 8 жашар кызда жана анын апасында аныкталган. Ал эми ушул эле үй-бүлөнүн мүчөсү 6 жаштагы баладан тиешелүү анализдер алынып, жыйынтыгы күтүлүүдө. Бирок ал балада учурда бул оорунун белгилери байкалууда. Бул үй-бүлөдө мындан тышкары дагы 4 адам болгон. Алар да медициналык текшерүүлөрдөн өтүп, оору аныкталган эмес.

Мындан тышкары ич келте илдетине кабылган 8 жаштагы кыздын 29 классташы да текшерүүдөн өтүшкөн. Анын жыйынтыгы 3 күндөн кийин даяр болот.

"Бул жугуштуу илдетти жайылтпоо үчүн медицина кызматкерлеринен атайын оперативдүү штаб түзүлгөн. Кызматкерлер айылдагы ар бир үйдү кыдырып түшүндүрүү жана текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле ичүүчү суу да текшерүүдөн өтүүдө, 7-декабрда жыйынтыгы билинет. Текшерүү иштеринин жыйынтыгы менен жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн атайын санитардык-профилактикалык иштерди жүргүзбөгөндүгү үчүн айыл башчысына 10 миң сом айып салынган. Азыркы тапта, түшүндүрүү иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

Ич келте - ичке ичегини сезгендирип, организмди жалпы ууландыруучу катуу кармама жугуштуу оору. Оорунун козгогучтары - бактериялар. Козгогучтар оорулуу же бактерияны алып жүрүүчүлөрдүн заңы жана заарасы менен сырткы чөйрөгө чыгат. Соо кишилер булганган тамак-ашты жегенде, булганган сууну ичкенде же ошол сууга түшкөндө, көпчүлүк учурда бактерия алып жүрүүчүлөрдүн кир колу жана кээ бир үй буюмдары аркылуу жугат. Жылуу мезгилде чымындар аркылуу да таралышы мүмкүн. Козгогуч ооз аркылуу ичке ичегиге кирип, анын былжыр челинде өсүп, көбөйүп, канга өтөт. Оорулуунун каны бүт денеге тарап, организмди ууландырат. Андан кан-тамырлар, өзгөчө нерв системи жабыркайт. Оорунун жашыруун мезгили 3-21 күнгө созулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Uulka9293
2017-12-06 20:04:45
Кудайым Озун сактай кор оору сыркоодон!!!!
+2
akonia
2017-12-06 23:24:31
Билгендер жазып койгулачы суранам бул оору грипп сыяктуу тех Тарас кетпейби же олумго тез алып келбейби дегиле кандай оору бул

+1
Rifle_I
2017-12-07 01:23:14
akonia,жок
-1
Aruwka.89
2017-12-07 00:01:20
Орусчасы кандай еле?
+1
love2016kg
2017-12-07 00:11:00
этият болбойбу
-1
butun.kg
2017-12-07 00:12:58
Брюшной тиф.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан