СУПЕРСТАН: "Сүйүктүүңүздүн жазган каттарынан каталарды көргөндө эмне кыласыз?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйүктүүңүздүн туура жазганы сизди кызыктырабы?" деген тема талкууланып жатат.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Балдардын көбү эле элементардык сөздөрдү ката жазышат. "Таанышып албайлыбы" деген сөздүн экинчи "а" тамгасын жутуп алышкан. "Э"нин ордуна "е"ни колдонуп жазышат. Кээ бири үтүр, чекит койгонду билишпейт. Кээ бири орусча күнүмдүк эле колдонулган сөздөрдү туура жаза алышпайт. Ушул нерсе аябай кыжырымды келтирет".

"Аны сүйүп турсаң, сени сыйлап турса, келечектеги жубайың катары элестетүүгө көзүң жетсе, анда ката жазганы деле маанилүү эмес".

"Туура жазган адамдарды өтө баалайм. Өзүм да туура жазганга аракет кылам. Сөздүн гүлүн терип так, туура жазган адам менен сүйлөшүү өзүнчө эле сонун го. Андай инсандар китепти көп окуйт болуш керек деп ойлойм. Сөзсүз түрдө эле сүйүктүүм эмес, ар бир мага жазган адамдын жазганына көңүл бурам".

"Сүйүктүүмдүн ар бир сөзүндө ката бар, жазган СМСтери жүзүмө жылмаюу тартуулайт, тууралап окуп коём".

"Ката жазгандарга деле көнүп кетесиңер. Убагында ката жазгандарга абдан көңүл бурчу элем, азыр жолдошумдун жазганын окуп күлкүм келет".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
bakyt78
2017-12-06 19:25:54
Мен ката жазганына эмес, фигурасына конул бурам.
+5
Djal1987
2017-12-06 19:31:41
bakyt78, ыйманычы??? Ыймандуу болсо тууганымды сыйласа эле болду дегенинер соз турундо эле силерде. Туура жазууну,ыйманды уйрону эмес макияжды анан фигураны чыгара кийинууну уйрону жетиштуу эле азыр.
0
Aizattt
2017-12-06 21:13:12
bakyt78,кичине грамотно болуш керек деп ойлойм бирок менин жаным ката жазат шашып жазып алабы билбейм бирок суйсон болду да
+3
raikakyz
2017-12-06 21:29:49
Aizattt,Грамматикага созсуз конул бургула.Суйуктуун ката жазып турса,ал адам менен баш кошсон келечекте балдарынарга да таасири тиет.Туура жазуу,туура суйлоо адамдын кузгусу деп ойлойм.
+7
Pandora
2017-12-06 22:30:46
raikakyz,Менин жездем отличник,эжем ударник болуп бутуон балдаоы двощник
-6
aman0296
2017-12-06 22:47:42
Pandora, А сенчи?
+7
KOCMOC
2017-12-06 22:52:31
aman0296, корунуп турбайбы двоечник(ца) экени))
+7
Adiletia
2017-12-07 18:38:17
Мен туптуура жазам. Бирок атайын ката жазгым келе берет. Как слышу так и пишу дегендей, кээде атайын сизам бизам деп адамдардын кыжырына тийип жазам. Адамдын багынан болотко, атын жазалбаган кээбир классташ балдарым сопсонун эле жашап атырго.
0
Adiletia
2017-12-07 18:45:52
Билальбайм алальбайм менам сенам депчи, эу дозум не болуватыр. Атыр патыр дегендей
0
Djal1987
2017-12-06 19:28:19
Суйсон ошол каталары менен суйот экенсин. Суйбосон академик илимпоз болсо да баары бир. Бирок туура жазуу милдетибиз. Эркелеп ката жазып коюну деле тушунуп койсо болот.
+9
Snejana
2017-12-06 20:19:26
Мен суйуктуумо эле эмес, мага келген ар бир смске конул бурам. Мисалы "оа" деп жазгандарга кыжырым келет.
+8
Aima94
2017-12-06 21:32:12
Мага да жакпайт кыжырым келет 'э' ордүна 'е' жазып, оа жеп каным кайнап кетет. Кээде балдар жазса катасын көрсөм сүйлөшпөйм.
+5
jbolotov
2017-12-06 21:46:57
Кыз болуп туруп жонокой кыргызчаны туура жазалбаган кызды акылы жетишеерлик жок экен деп ойлоп коём ичимден. Адам баардык жагынан мыкты болуусу керек, туура жазууда кандайдыр бир денгээлде адамдын ой жугуртуу акыл эсинен кабар берет.
+2
Pandora
2017-12-06 22:33:22
Мен бир эле адамды суйгонмун ал жакшы окуган балдардын катарын толуктап тургандыктан эч качан ката жазылган смс алган эмесмин..Жолдошумдан да эч качан ката жазылган смс алган эмесмин орусча жазса да туптуура жазат.
+1
nurhan2702
2017-12-07 10:03:30
Pandora,жогоруда озун аябай ката жазыптырсын го, анан кантип бироонун катасын байкамак элен
0
tynchtyk93
2017-12-06 22:53:25
Мен э е экоону жакшы айырмалайм адашбайм бирок утур точкадан жанылып кетбесем эле кээде болуп калат кошулуп жазылып кеткен.
+1
datkayimjan
2017-12-06 22:54:13
Жигиттер Жар тандоодо туура жазган,туура суйлогон,туура ойлонгон кыздарды тандагыла. Себеби ал адам келечекте сенин балдарынды тарбиялайт
+2
KOCMOC
2017-12-06 22:55:21
Туура жазганга аракет кылам, ошентсе деле бир адам "экичи" дей берчу)). Озу шашып ката жазып калса, "сенден жукту, сыныктан башка нерсенин баары жугуштуу" деп калчу)).
0
tursunbaev78
2017-12-06 23:22:01
Азыр көпчүлүгү ката жазат,комменттерди окусаң эле 80% ката жазгандар,Е менен Эге көпчүлүгү маани бербейт,негизи туура жазуу керек
+1
zhykyo
2017-12-06 23:27:22
Жолугалы десен ова деппи
+1
zhanka1234
2017-12-07 01:12:41
Биз ката жазып койсок, бири бирибизди ондоп турабыз :)
0
nurhan2702
2017-12-07 08:26:09
Жакында куйоомдун досу смс жазыптыр, аны окуп алып " мектепте жакшы окуган экенсин э" - десем, ал:"кантип билдин - дейт. Досун (жолдошум) сендей жазалбайт деп кулуп койдум
-1
tynchtyk93
2017-12-07 14:34:47
nurhan2702,озун тийишип баштагансынго
0
karakchyyy
2017-12-07 13:32:33
Башында суйлошуп жургонубуздо ката жазса жиним келчу. Бара бара айта баштадым мындай жазыш кк деп эле, азыр шугур туура жазганы аракет жазап баштады.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан