Бүгүн, 6-декабрда Нарын облусунун Миң-Куш айыл аймагынын тургундары айыл өкмөтүнүн ишине канааттанбаганы үчүн жол тосуп нааразычылыгын билдиришти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.
"Миң-Куштун тургундары 4 талап коюшту. Алгачкы талабы бул ички жолдорду оңдоп берүү. 2-талап бул айыл өкмөтүн алмаштыруу. 3-талап "Бусурманкул" көмүр казган ишканасында белгисиз газ чыгып жатканына байланыштуу аны изилдеп жана таасирин аныктап берүү. Мындан тышкары тургундар "Берекет" көмүр казган ишканасы көмүр казып чыгуучу жерде аккан суу айыл пайдаланган таза сууга кошулуу коркунучу бар болгонуна нааразы болушууда", - дейт өкүлчүлүктүн маалымат катчысы.
"Бул талаптарга байланыштуу бүгүнкү күндө ички жолдор "Берекет" жана "Бусурманкул" ишканаларынын техникасы менен оңдолуп жатат. Миң-Куш айылынын айыл өкмөтү Кубатбек Ниязбеков өз каалоосу менен айыл кызматынан бошотулду. Ошондой эле калган талаптар боюнча экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын адистери текшерүү иштерин жүргүзүүдө", - деп кошумчалады Айнура Дүйшөк кызы.