Бүгүн, 6-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчылар Астана шаарында 2-декабрда эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары тарабынан кол коюлган жол картасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн натыйжаларына канааттангандыгын билдиришти.
Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин абалы жана келечеги боюнча пикир алмашышты.
Телефондук сүйлөшүү Кыргыз тараптын демилгеси менен болду.