Франциянын рок жылдызы, аталган өлкөдө эле эмес жалпы АКШга таанымал Жонни Холлидей 74 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу чет элдик басылмаларына анын жубайы билдирген.
"Жонни бизди таштап кетти. Бул сөздү өзүм айтып жатканым менен, дагы деле ишенбей турам", - деген ал.
Белгилей кетсек, ырчы ушул жылдын март айында онкологиялык жактан ооруй турганын билдирген. Бирок жашоосуна кооптуу эч нерсе жок экенин баса белгилеген. Ал эми ноябрь айында кыйынчылык менен дем алып баштагандыктан Париждеги ооруканалардын бирине жаткырылган.
Ырчыны көптөр "франциялык Элвис Пресли" (Элвис Пресли - америкалык ырчы, рок-н-роллдун падышасы) деп атап коюшкан.