Кечээ, 6-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Балык чарбасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Демилгечилердин бири депутат Осмонбек Артыкбаев мыйзам долбоору Токтогул районундагы Кара-Суу көлүн балык чарбасына багытталган көлдөрдүн тизмесинен алып салуу максатында иштелип чыккандыгын маалымдады.
Эл өкүлү мындай демилгесин Кара-Суу көлүндөгү жылаңач асман балыгы сындуу мурдатан эле байырлап келген балык түрлөрүн сактап калуу, бул аймакта жергиликтүү элдин жайлоого чыгуусун камсыздоо менен байланыштырып, чечмелеп берди.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн 2016-жылдын 26-январындагы токтому менен Токтогул районундагы аянты 56826,4 гектарды түзгөн “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркы түзүлгөн. Аталган Кара-Суу көлү анын курамына кирет. Бирок Кара-Суу көлү балык чарбасын ишке ашыруу максатында “Табият КГ” коомуна берилген.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды.