Кыргыз Республикасында 3-ноябрдан 1-декабрга чейинки аралыкта базарлардагы айрым азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын баалары төмөндөдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин региондор арасындагы башкармалыгынын мониторинг боюнча материалдарында жазылган.
Маалыматка караганда, акыркы 1 айда импорттук көмүрдүн баасы 11,46 пайызга же 687,5 сомго төмөндөдү. Ошондой эле цемент 1,43 пайызга же 4,17 сомго арзандады.
Муну менен бирге төмөндөгү азык-түлүктөр арзандаган:
Ун 1-сорт - 0,26 сом же 1,09 пайыз;
Ун 2-сорт - 0,01 сом же 0,06 пайыз;
Макарон азык-түлүктөрү - 0,01 сом же 0,02 пайыз;
Сүт 2,5% - 0,28 сом же 0,44 пайыз;
Кумшекер - 1,39 сом же 2,93 пайыз;
Картошка - 0,49 сом же 2,10 пайыз.