"Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Токторов Жогорку Кеңештин жыйынына келген министрликтердин өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна толук кандуу жооп бербей жатышканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-декабрда парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы жыйынга келип суроолорго жооп бере алган жок. "Ага жыйынга бара турганы жарым саат калганда белгилүү болуптур. Статс-катчынын тейлей турган тармагы башка, ошондуктан министрликтеги жетекчилер ооруп жатат, иш сапары менен башка жакка кетти деген сөз болбош керек. Министрликтер ичинде боло берсин, бирок Жогорку Кеңешке келгенде толук кандуу суроолорго жооп беришсе жакшы болмок", - деди депутат.