Батыш Тянь-Шань токой жана жер ресурстарын сактоого 4 миллион доллар бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов "Батыш Тянь-Шандагы биотүрдүүлүктү жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо" долбоорун ишке ашыруу алкагында өтүп жаткан семинарда билдирди.
Батыш Тянь-Шандын уникалдуу биотүрдүүлүгү жана экосистеми, жер жана токой ресурстарын туура эмес башкаруудан улам азыркы тапта коркунучта турат.
Айдоо жана жайыт жерлердин көбөйүүсү токой аймактарын азайтып, анын кесепетинен ача туяктуу жапайы жаныбарлардын санынын азайышына алып келет. Мындан улам ача туяктуулар менен тамактанган ак илбирстин саны да азаюуда.
Батыш Тянь-Шань ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк жаратылыш объектиси болуп эсептелет.
"Жогорудагы долбоор 5 жылга эсептелинген. Ал биотүрдүүлүктү атайын ландшафтык ыкма менен сактап калууга арналган. Бул долбоор БУУнун өнүктүрүү программасынын Глобалдык экологиялык фонду тарабынан ишке ашырылып, аны каржылоого 4 миллион доллар которулган", - деп билдирди Рустамов.
Долбоордун негизинде коргоого алынган Хан-Теңири, Алтай, Кан-ачуу аймактарын сактап калуу жана өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын илимдер академиясы менен биргеликте иштер жасалып жатканы айтылды.