"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянова баласын тепкен жаран катуу жазаланышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-декабрда парламент жыйынында билдирди.
"Акыркы күндөрү социалдык түйүндөрдө баласын тепкен видео катуу талкууланып жатат. Бул факты боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Баласын тепкен жарандын өздүгү аныкталды. Ал киши мамлекеттик кызматкер, Чүй облусунун тургуну. ММКларга чыккан маалыматтын негизинде айтсам, Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Бул берене жетишсиз деп эсептейм. Укук коргоо органдары бул иш боюнча ар тараптуу териштирүү ишин жүргүзүүсү зарыл. Ал жаран катуу жазаланышы керек. Аялдар менен балдардын укугун сактоо боюнча жазылган мыйзамдар иш жүзүнө ашпай жатат. Расмий маалымат боюнча, 2016-жылы 842 кичинекей балага, 2017-жылдын 10 айында 868 балага зомбулук көрсөтүлгөн. Көпчүлүгү жакын туугандары тарабынан көрсөтүлүптүр", - деди депутат.
Айта кетсек, 2-декабрда интернетке эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган.