АКШнын президенти Дональд Трамп Иерусалимди расмий түрдө Израилдин борбору деп таанууга мезгил жеткенин белгилеп, АКШ элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө даярдыктарды баштоону тапшырганын билдирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
"Мен бул убакыт келди деп чечтим. Мурдагы президенттер муну шайлоо өнөктүгүндөгү ири убадага айлантышканы менен ишке ашырбай келишкен. Мен бүгүн ушуну аткарып жатам", - деди ал. Ошол эле маалда Трамп израилдиктерге дагы, палестиндиктерге дагы алгылыктуу болчу тынчтык келишимге жетүү үчүн болгон аракетин көрөрүн белгиледи.
Элчиликти көчүрүү иштери техникалык себептерден улам алты айдан эрте эмес убакытта бүтмөкчү.
"Араб өлкөлөрүнүн лидерлери Дональд Трамптын чечимин кескин сынга алышты. Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку төрагасы Федерика Могерини палестиндер менен израилдиктердин ортосундагы келечектеги тынчтык келишимге доо кетирчү кадамдардан оолак болууга үндөдү. Франциянын Тышкы иштер министрлиги Иерусалимдин макамы израиль-палестин сүйлөшүүлөрүнөн кийин аныкталышы керек деген пикирде. Атын атабаган америкалык өкүлдөр Трамп бул чечим тынчтык жараянга өбөлгө болот деп эсептей турганын айтышкан", - деп жазышат басылмалар.
Белгилей кетсек, бир катар Батыш өлкөлөрү Иерусалимди Израилдин борбору катары таанышпайт. Палестиндер өзүнө эски шаарды камтыган, мусулман, христиан жана еврейлердин ыйык жайлары жайгашкан Чыгыш Иерусалим алардын болочоктогу мамлекетинин борбору болушу керек деп талап кылып келишет.