Жогорку Кеңеште көмүрдүн баасынын жогорулашы тууралуу айтылды

Бүгүн, 7-декабрда парламент жыйынында “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Рада Түмөнбаева өлкөнүн түштүк аймагында көмүрдүн баасы жогорулап кеткенин айтты.

Анын айтымында, Баткенде көмүрдүн 1 тоннасынын баасы 9 500 сомдон ашты.

"Кыргыз көмүрлөрү вагон менен коңшу өлкөлөргө чыгарылып жатат. Элге көмүр жетпей жатканда сыртка ташып жатканыбыз туура эмес. Өлкөдө көмүр тартыштыгынан баалар кыштын башталышында эле кескин жогорулап, аймактарда кыйынчылыктар жаралып жатат", - деди ал.

Депутат Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин бул маселе боюнча көңүл бурууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан