Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, премьер-министрлер эки тараптуу кызматташуунун ортосундагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты жана өкмөттөр аралык иштешүүгө жогорку баа беришти.
Мындан тышкары тараптар буга чейинки макулдашууларга ылайык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн болгон күчүн жумшай турганын айтышты.