Парламентте 5 күндөн бери каза болгон атасын жерге бере албай жаткан жаран тууралуу сөз болду

Бүгүн, 7-декабрда парламент жыйынында "Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Эргешов 5 күндөн бери каза болгон атасын жерге бере албай жаткан жаран тууралуу сөз кылды.

"Кечээ интернетке 5 күндөн бери каза болгон атасын акча таппай жерге бере албай жүргөн адам тууралуу маалымат чыкты. Жаран көрүстөндөн орун сатып алганга 20 миң сом акча таппай жүрүптүр. Түштүк аймагынан, Нарындан, Ысык-Көлдөн Чүйгө, Бишкекке келип жашаган адамдардын каттоосу жок. Айыл башчылар көрүстөндөн орун бербей же сатып жатыптыр. Адамды акыркы сапарга узатууга жарандарга шарт түзүп берүү керек. Өкмөт бул маселе боюнча көзөмөлгө алуусу зарыл", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Eli.91
2017-12-07 10:43:28
Эх тобоо кылдым,олор олгонго чейин акча акча деп эле журот экенбизда,кандай болгон кундода ишенич жок экен деп ойлоп калдым эмитен камынып койсокда болгудай экен,жогорудагылардын сатбаганы ушул эле калделе,жок легенде олгон адамды кыйнабастан дон эле жер берип комдуруп койсонор эмне?ОЗУ чындыгында 1 Адам учун 20 мин сомго жер берсе ал жерде канча Адам батат?анын баары кимдин чонтогуно тушот болду экен кызык?
+20
isabek1977
2017-12-07 19:34:28
Eli.91,Кыргызстанда кыргызды комгонго жер беришпей сатып жатса жетишкен экенбиз.Анекдоттогудай олгонго шартым жок деп журо берет окшойбуз.
0
anyay
2017-12-08 13:58:31
Eli.91, азыр эле сатып алып, барып жатып албасак, көр дагы жок экен
0
asil-08
2017-12-07 11:08:33
Аии тобо кылдым, баарыбызга кудай ны сап берсин
+4
Pandora
2017-12-07 11:19:53
АстафурАлла
+4
Tyty1990
2017-12-07 12:27:01
Олсон да акча,олбосон да акча.
+9
Biinura
2017-12-07 12:39:07
Участок сыяктуу сатып алып коюп олот окшойбуз эми. Каапырлардан калышпай калдык.
+6
Bek_abad
2017-12-07 12:55:02
Эмне Кыргызстанта жер жетпей атабы? Бизде жер шугурчулукго, кантип эле 2 метр жер сатылып калат.
+7
sirenaaaaa
2017-12-07 13:12:12
Бул танкалыштуу эмес. Менин кайынсиндим 7жыл мурун отуп кеткенде Байтик деген жактан тааныштар аркылуу аран 20минге алганбыз. Каттоодо турбаган жерге акы толотушот
+2
Sarana
2017-12-07 13:26:51
Өлүп калсам деп 20мин жер сатып алганга деп катып коющ керек экенда э.
+3
Biinura
2017-12-07 13:42:03
Sarana,ошондой го.
+1
Dalil
2017-12-07 15:21:12
Ошол саткандар өзүңөр да бир күн 2 метр жерге муктаж болосуңар. Жаза берилей калбайт.
+2
aika0906
2017-12-08 01:04:58
айылга алып барып комбойбу анан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан