Депутат Ак Үйдөгү ажатканада, иш бөлмөлөрдө тамеки чеккендерге айып пул салууну сунуштады

"Депутаттар жана аппарат кызматкерлери Ак Үйдүн бардык жайларынын бурчтарын тамеки чегүүчү жайга айландырып алышты", - деп бүгүн, 7-декабрда парламент жыйынында КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев билдирди.

Ал билдиргендей, административдик кодекске ылайык, мамлекеттик ишканалардын имаратынын ичинде тамеки чегүүгө тыюу салынат. "Биздин Жогорку Кеңештин бүт жеринде тамеки тартыла берет. Буга карата 500 сом айып пул көрсөтүлгөн. Бирок эч ким айып пулга тартыла элек. Биз ошону өзүбүздөн баштасак. Кызматкерлер маданиятсыз болуп жатат. Айрым депутаттар, аппараттын кызматкерлери ажатканада, иш бөлмөлөрүндө отуруп алып тамеки чегишет. Анан кантип биз мыйзамды бузбагыла деп башкаларды үйрөтөбүз?" - деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KUBI
2017-12-07 13:45:33
Туура мыйзам колдойм.Мен озум тамеки тартам, мумкун ушундай мыйзамдар тамекини таштаганга жардам береттир.
0
munar1980
2017-12-07 14:32:58
Эн туура Москвада имарата эмес даже метронун жанында эл коп жерде тамеки тартууга мыйзам жол бербейт штраф салынат.
0
asi.gulum
2017-12-07 16:18:00
500 сом депутаттар үчүн эч нерсе эмес да. Вапше эле тыюу салыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан