Бүгүн, 7-декабрда премьер-министр Сапар Исаков ЖМКнын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүүдө. Анын жүрүшүндө өкмөт башчы аймактарды өнүктүрүү боюнча суроого жооп берди.
"Өлкөнүн ар бир аймагында көйгөйлөр бар. Мен жер-жерлерге барып, абал менен таанышып, маселелерди чечүү үчүн канча каражат керек экенин сурап жатам. Жолдун боюндагы үйлөрдүн келбети, көчөлөрдүн жарык менен камсыздалышы, жашылдандыруу, тазалык маселелерине өзгөчө көңүл буруп жатам. Ушул көзгө көрүнгөн маселелерди бир жылда чечишибиз керек. Аймактарга келген коноктор өзгөрүүлөр реалдуу түрдө болуп жатат деп айтыш керек", - деди Исаков.
Мындан тышкары ал дүйнөлүк рейтингдерде көрсөткүчтөрдү жакшыртуу боюнча өкмөт иш алып барып жатканын баса белгиледи. "Күнү-түнү иштеп жатабыз. Азыр натыйжалары боло элек. 7-8 айдан кийин көрүнө баштайт", - деп кошумчалады өкмөт башчы.