Депутат: "Кара-Балтада каргалар "Жундадан" чыккан сасык заттардан өлүп жатканы айтылууда"

"Кара-Балтада каргалар "Жундадан" чыккан сасык заттардан өлүп жатканы айтылууда" деп бүгүн, 7-декабрда парламент жыйынында "Бир Бол" фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков билдирди.

"Кара-Балта шаарында массалык түрдө каргалар өлүп жатканы маалымат каражаттарына тынбай чыгып жатат. Бир топ жарандар мага тынчсыздануу менен чалып жатышат. Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Кара-Балта шаардык башкармалыгынын башчысы Манас Карабаев, Жайыл районунун ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын жетекчиси Насыпбек Мураталиев каргалар сууктан же ачкалыктан өлүп жатканын айтышууда. Ал эми Улуттук илимдер академиясынын кызматкери каргалар сууктан, ачкалыктан өлүшү мүмкүн эместигин билдирген. Тийиштүү түзүмдөр каргалардын өлүмү боюнча так аныктамасын элге жарыялашы керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
windom
2017-12-07 11:04:37
Депутат келтирген жуйоо каргалардын олумуно себеп болсо анда Бишкек шаардык жалпы таштанды таштоочу жайындагы каргалар деле олуп калмак балким. Менимче азыркы кезде которуп чыкчу маселе каргаларга караганда адамзаттыккы олуттураак болуш керек эле урматтуу депутат мырза! Же эмне адамзатка тиешелуу баардык маселелер чечилип буттубу?
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-07 11:19:49
windom, Сиз биринчи ошол кытай заводунан чыккан сасык ото зыяндуу жытты билесизби кабарыныз жок болсо барып ошол жерде жакын жашаган элден сурап билип жашап корунузду сунуштайм. Каргалар эмес адамдар бутун Кара балта элине биздин жаш балдарга зыяндуу болуп жатат. Тилекке ото каршы биздин кемчонтой элин жерин келечегин урпактарды ойлобогон чондор заводу иштетип жатышат.
+9
General.kg
2017-12-07 11:20:01
Кече мен айтсам чалкаңардан кеттиңер эле мына!

Кара-Балтада эле суук болуп жатыптырбы бүт Кыргызстанда суук болуп жатат бирок Кара-Балтада эле өлүп жатат!
+5
kechirmeni
2017-12-07 11:45:53
Сууктан олгондо Нарындагы каргалар полный кырылып калышы керек эле.
+6
aijan.borkoshova
2017-12-07 11:53:16
Каргаларга ошончо зыяны болсо адамдарга да зыяны бар го, жаш балдарга канчалык зыян
+5
islamik
2017-12-07 12:09:55
Каргалар наоборот ысыкта олот го
суук тушкондо учуп келишет тоа
ушул да созбу эми
+6
Bek_abad
2017-12-07 12:50:08
Ошол жердеги элдеринп зыян деп чыкса туура болмок экен.
+4
elchi84
2017-12-07 12:50:10
Кытайлар желкесин берип койгондур эчтеке кыла албайбыз эми чондордо шылтоо коп.
+5
Mr.enriiko
2017-12-07 12:55:14
Депутат Субанбеков туура айтат Джундадан чыккан жыттан, газдан олуп жатышат.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан