"Өнүгүү-Прогресс" фракциясы вице-спикерликке Мирлан Бакировдун талапкерлигин көрсөтүү боюнча кеңешип жатышат

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясы вице-спикерликке Мирлан Бакировдун талапкерлигин көрсөтүү боюнча кеңешип жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда SUPER.KG порталына Мирлан Бакиров өзү билдирди.

"Ар бир оппозициялык фракция вице-спикерликке талапкер сунуштаса болот. Биздин фракция менин талапкерлигимди көрсөтүү боюнча кеңешүү иштерин жүргүзүүдө", - деди Бакиров.

Мирлан Бакиров 1975-жылдын 11-майында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында туулган. Ал Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бухгалтердик эсеп адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1996-жылы Мамлекеттик салык инспекциясынын Жалал-Абад облусу боюнча акциз бөлүмүндө инспектор болуп иштөөдөн баштаган.

- 1998-1999-жылдары "Жалал-Абад АА" корпорациясында башкы бухгалтер;

- 1999-2003-жылдары Жалал-Абад облустук каржы башкармалыгынын бюджет бөлүмүнүн башчысы;

- 2003-2005-жылдары "Марьям и Ко" ЖЧК директордун орун басары;

- 2005-2010-жылдары "Дан-Юг" ЖЧК директору;

- 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты;

- 2015-жылдын 4-октябрында "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Айта кетсек, кечээ, 6-декабрда Алтынай Өмүрбекова вице-спикерликтен өз каалоосу менен кетти. Бул кызматка "Республика-Ата Журт" фракциясы Курманкул Зулушевдин, "Ата Мекен" фракциясы Сайдулла Нышановдун талапкерлигин көрсөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан