Депутат 2018-жылды үй-бүлө жана балдардын укугун коргоо жылы деп жарыялоону сунуштады

Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева 2018-жылды үй-бүлө жана балдардын укугун коргоо жылы деп жарыялоону сунуштады. Эл өкүлү бул сунуш менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрыла турганын айтты.

"Балдарга карата зордук-зомбулуктардын 95 пайызы жакын туугандары тарабынан жасалат экен. Биз ушул маселелерди иликтеп чыгып, ага бөгөт коюшубуз керек. Ошондуктан үй-бүлө институтун бекемдөө үчүн акыркы талкууларга таянып, абалды жакшыртуу зарыл. Мага күн сайын көчөдө калган үй-бүлөлөр, кризистик борборлор тууралуу сурагандар кайрылышат. Ошондуктан мен президентке кайрылып, 2018-жылды үй-бүлө жана балдардын укугун коргоо жылы деп жарыялоону сунуштайм", - деди Касымалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuba-savai87
2017-12-07 12:54:30
Азамат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан