Сапар Исаков: "МАИнин инспекторлору чоңдоруна акча ташыйт, мен муну жоём"

Бүгүн, 7-декабрда премьер-министр Сапар Исаков ЖМКлардын өкүлдөрү менен жолугушууда жол-кайгуул кызматынын дарегине айтылган сындар боюнча оюн билдирди.

"Бул органга көп сындар айтылып жатат. Мен үчүн бул маанилүү нерсе. Реалдуу сындарды эске алыш керек. Максатым натыйжаны көрсөтүшүбүз керек. Натыйжа болот. МАИ кызматкерлери бир органга гана баш ийе турган реформаны ишке ашырабыз. Анткени бүгүнкү күндө жолдордогу тартипти көзөмөлдөгөн инспекторлор райондук, шаардык ички иштер башкармалыктарынан көз каранды. Жолдон тапкан акчаны чоңдоруна ташыйт. Мен муну жоём", - деди Исаков.

Премьер-министр бул реформаны ишке ашыруу үчүн комиссия түзүп, курамына тиешелүү мамлекеттик органдардын мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, активдүү интернет-колдонуучулары киргенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан