Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 7-декабрда журналисттер менен жолукту. Анын жүрүшүндө президентти жарандар эмес, Жогорку Кеңеш шайласа кандай болот деген суроо берилди.
"Мен премьер-министр катары эмес, жаран Сапар Исаков катары жооп берейин. Оюмча, президентти парламент шайласа туура. Бирок жакын арада эмес, келечекте. Аткаруучу бийлик иштеп натыйжа көрсөтүш керек. Өлкөнүн туруктуулугу жана өнүгүүсү үчүн бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулук керек", - деди Исаков.