Акыйкатчы институтунун өкүлү: "Кордук көргөн аялдарга милиция тарабынан кайдыгер мамиле жасалат"

Эл аралык уюмдардын бири ноябрь айынын аягында 4 күн Бишкектеги айрым мектептердин окуучуларына жана жогорку окуу жайлардын студенттерине аялдарга карата зомбулукка каршы маанидеги фильм көрсөтүп, алардын ойлорун укту. Бүгүн, 7-декабрда аталган иш-чарага катышкан мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүп, журналисттерге окуучулардын жана студенттердин ойлору менен бөлүштү.

"Кыргызстан жаштар федерациясы" кыймылынын төрагасы Айбек Теңизбаев БУУнун статистикасына таянып, ала качууну эркектердин 50 пайызы, аялдардын 38 пайызы туура эсептей турганын билдирди. "Мен окуу жайлардагы жолугушууларга катыштым. Ал жерде айылдан келип окуп жаткан студенттер ала качууну туура деп айтса, шаардык студенттер туура эмес деп жатты. Бирок көпчүлүгү туура эмес деди. Ал эми Бириккен улуттар уюмунун статистикасы боюнча Кыргыз жериндеги эркектердин 50 пайызы, аялдардын 38 пайызы ала качууну туура деп эсептейт экен", - деди Теңизбаев.

Ал эми Акыйкатчы институтунун балдардын укугун коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Айгерим Турганбаева аялдардын укуктарын коргоодо мамлекеттик мекемелер кайдыгер мамиле жасап жатканына токтолду. "Бизде аялдардын укуктары боюнча мыйзамдар болгону менен, жеткиликтүү иштебейт. Биздин институттун өкүлдөрү күйөөсүнөн токмок жеп, бирок милициядан да орой мамилеге кабылганына күбө болушкан. Башкача айтканда, бир аял токмок жегенден кийин милицияга кайрылса "кайдан токмок жесең ошол аймактагы милицияга кайрыл" деп койгон. Андан кийин өзү жашаган аймактын милициясына кайрылса алар да "эртең кайтарып албайсыңбы, кайтарып албай турган болсоң калтыр" деп алып калышкан. Бирок ага медициналык жардам берүү, кризистик борборго жайгаштыруу сыяктуу маселелер ачык бойдон калган. Демек, мындай жардамдар берилбейт, арыз өз учурунда каралбайт", - деди Турганбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан