Баткен шаарынын "Жаштык" сейил багындагы отургучтарды аңтарып кеткен адамдар изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда SUPER.KG порталына Баткен шаарынын мэриясынан билдиришти.
"4-декабрда белгисиз адамдар "Жаштык" сейил багындагы жаңы орнотулган 30га чукул отургучтардын он чактысын аңтарып кетишиптир. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан ал адамдар изделип жатат. Аталган отургучтар мурдагылары эскиргендиктен жаңы алмаштырылган, бирок алар бетон менен уютулуп орнотулган эмес эле. Жаз айларында алардын баары бетон менен түптөрү бекем орнотулат", - деп билдиришти мэриядан.
Айта кетсек, буга чейин SUPER.KG порталына окурман Баткен шаарындагы "Жаштык" сейил багындагы отургучтар аңтарылып жатканын кабарлаган.